Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп келди.

 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Орусия Федерациясына учуп келди.

7-декабрда Мамлекет башчысы Москва шаарына иш сапары менен барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.