Москвада кыргыз диаспорасынын  улуу жазуучу Чыңгыз Айматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар улантылууда.

Айтылган иш-чаралардын бири, Москвада иштеп жүргөн Кыргызстандын жети дубанынан чыккан мекендештер жума сайын «Манас» кинотеатрында «Айтматовдун эстафетасын» өткөрүп жаткандыгы соцтармактар аркылуу белгилуу болду.  

Бул жекшембиде  «Ордолуу Ош биримдиги» коому өткөрүп, «Акбаранын көз жашы» аттуу тасмасы көрсөтүлдү.

Бул кечеге Кыргызстандын Эл артисти Гулшайыр Садыбакасова жана белгилуу ырчы Темир Назаров катышкандыгы белгилүү болду.  

Иш-чарага КР Орусиядагы элчилиги, мамекеттик миграция кызматынын өкулдөрү катышты.  

Жазуучуну эскерүү кечесин өткөргөн үчүн уюштуруучуларга элчиликтин атынан баалуу белектер жана ыраазычылык каттары тапшырылган.