Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги улуу жазуучу Ч.Айтматовдун жеке инсандыгына жана чыгамачылыгын даңазалоого зор маани берүү менен россиялык өнөктөштөрү, Москвадагы кыргыз диаспоралык коомчулугу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун 90-жылдык салтанатына арналган мааракелерди өткөрүү алкагында Москва шаарында жана Россиянын башка региондорунда түрдүү багыттагы маарекелерди өткөрүүнү улантууда. Бул тууралуу элчиликтин басма-сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын 4-14-ноябрына чейин Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясынын жана Россия Федерациянын маданият министрлигинин колдоосу менен у.ж. 4 — 14-ноябрында Москва шаарында иш-чаралардын экинчи цикли башталды.

Москва шаарынын «Звезда», «Факел», «Юность» кинотеатрларында кыргыз кино тасмаларынын он күндүк көрсөтүүсү менен кинодекада ачылды. Он күндүн ичинде: "Ак Кеме (1976-ж.Кыргызфильм), "Кызыл алма" (1975- ж. Кыргызфильм), "Караш ашуусунда" (1969-ж.Кыргызфильм), "Бойго жетелектерге бейтапкана"(1987-ж. Кыргызфильм), "Ак барстынурпагы" (1984-ж. Кыргызфильм), "Зной" (1963-ж. Кыргызфильм), "Фудзиямага чыгуу" 1989-ж. Кыргызфильм) көрсөтүлөт.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында Россиянын кинематографисттер Союз Үйүнүн Ак залында дүйнөгө белгилүү жазуучу, улуу гуманист, коомдук ишмер Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чара  болуп өттү.

Салтанаттуу кеченин ачылышына улуу жазуучуну эскерүү үчүн Россиянын маданият, адабият, кино тармактарынын өкүлдөрү, М.И.Рудомино атындагы Бүткүл россиялык чет өлкөлүк адабият боюнча Мамлекеттик китепкананын кызматкерлери, Москванын алдыңкы ЖОЖда билим алып жатышкан жаш кыргызстандыктар-студенттер, Москва шаарындагы кыргыз, казак, тажик, түркиялык ж.б. диаспоралык уюмдардын жетекчи, өкүлдөрү, Евразиялык экономикалык комиссиянын, ошондой эле КРнын РФдагы Элчиигинин кызматкерлери келип катышышты.

Россиянын кинематографисттер Үйүнүн Ак залынын фойесинде Ч.Айтматовдун жашоосун, чыгармачылык ишмердүүлүгүн чагылдырган фото көргөзмө уюштурулуп, ошондой эле Москва шаарындагы жаш ишкерлер тарабынан уюштурулган улуттук буюмдар, баалуу табериктердин көргөзмөсү келген элдин зор кызыгуусун жаратты.

Салтанаттуу кечине ачып жатып, театр жана кинонун алдыңкы актрисалары Надежда Демьянкова жана Анастасия Лукьянчук Россиянын тарыхый мааниге ээ болгон бул залында бүгүн дүйнөлүк адабияттын классиги, улуу кыргыз жазуучусу, өзүнүн залкар чыгармалары, терең философиялык ойлору менен совет адабияты жана киносунда эле эмес, дүйнөлүк маданиятка бараандуу из калтырып кеткен Ч.Айтматовду эскерүү үчүн көрүүчүлөр чогулганын белгилеп кетишти. Кечеде Ч.Айтматовдун мекени Кыргызстандын кооз жаратылышын чагылдарган видеоролик көрсөтүлдү.

Кечени ачууда драмалык театрдын жана кинонун актеру Славян институтунун бүтүрүүчүсү, А.Чехов атындагы көркөм окуу конкурсунун жеңүүчүсү Д.Капустин Расул Гамзатовдун «Чынгыз Айтматовго» ырын көркөм окуп берди..

Ошондой эле көрүүчүлөр им.Б.Щукин атындагы Театралдык институттун бүтүрүүчүсү Надежда Азарованын аткаруусундагы "Чынгыз хандын ак булуту" чыгармасын, Б. Щепкин атындагы Театралдык институттун режиссердук факультетинин студенти Анастасия Аллаярованын аткаруусундагы Ч.Айтматовдун "Ак кеме" повести боюнча үзүндүнүн көркөм окуусларын зор кызыгуу менен кабыл алышты.

Кеченин концерттик программасында Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын Маданият борборунун өкүлдөрү "Кыргыз калкым" ырын тартуулашты. "Маш ботой" күүсүн Дария Бекбоева залды жаңырта чертип берди.

Жазуучунун эскерүү кечесинде россиялык режиссер Ольга Чекалинанын «Гражданин Земного шара» аталган документалдык фильми көргөзүлүп, көрүүчүлөрдүн жылуу пикирине, көңүлүнө ээ болду. Фильмди көргөзүү алдында режиссер О.Чекалина сөз сүйлөп, Ч.Айтматовдун  улуулугун, кыргыз элинин меймандос жана  жеринин кооздугу туралуу кеңири айтып берди.

Фильмде жазуучу жөнүндө анын туугандары, айылдаштары, достору, ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча көркөм тасма жараткан белгилүү кино режиссерлор Б.Шамшиев («Белый пароход»), Г.Базаров («Материнское поле»), А.Кончаловский («Первый учитель») тартылып, жазуучу жөнүндө эскерүүлөрүн айтып беришкен.

Салтанаттуу кеченин аягында Элчилик Россиянын кинематографисттер Союзуна ыраазычылык билдирүү менен, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча москвалык сүрөтчүлөр тарабынан жаралган литографиялык комплекти эстелик катары тапшырды.