Өткөн жекшемби күнү, 11-ноябрда, Москва шаарындагы «Манас» кинозалында дуйнө жүзүнө белгилүү  кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата «Талас  биримдиги» коому залкар жазуучунун чыгармачылыгынан жаралган кинотасманын ретроспективасын тартуулады, тасманын аягында чогулгандарга дасторкон жайылып, аксакалдын арбагына куран окутулду.  

Тасмага КР РФгы элчиликтин, КР Мамлекеттик миграция кызматынын жана диаспоранын  өкулдөрү катышты.

Жети дубандын өкулдөру келишип жакшы каалоо-тилектерин айтышып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип кетишти.

«Кинотасманы көрсөтуунун максаты Ч.Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, даңазалоо, эскерүү  жана жалпы эл арасындагы ынтымакты  бекемдөө» — деди «Талас коомунун» лидери Надыр Сооронкулов.   

Эми, уюштуруучунун айтымында, кинотасмага  чакыруу эстафетаны Ош облусуна өттү.