Элчилик орус өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун 90-жылдык салтанатына арналган маарекелерди өткөрүү алкагында Москва шаарында жана башка региондордо түрдүү багыттагы маарекелерди өткөрүүдө.

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясынын жана Россия Федерациянын маданият министрлигинин колдоосу менен у.ж. 4 — 14-ноябрында Москва шаарынын «Звезда», «Факел», «Юность» кинотеатрларында кыргыз кино тасмаларынын он күндүк көрсөтмөлөрү өтөт. Он күндүн ичиниде: "Ак Кеме (1976-ж.Кыргызфильм), "Кызыл алма" (1975- ж. Кыргызфильм), "Караш ашуусунда" (1969-ж.Кыргызфильм), "Бойго жетелектерге бейтапкана"(1987-ж. Кыргызфильм), "Ак барстынурпагы" (1984-ж. Кыргызфильм), "Зной" (1963-ж. Кыргызфильм), "Фудзиямага чыгуу" 1989-ж. Кыргызфильм) көрсөтүлөт.

4-ноябрда «Ак Кеме» тасма көрсөтүүсү «Кыргыз керемети» синиматика форматында өттү.

Тасма көрүүгө Москва шаарынын тургундары, Кыргызстандын эл жазучуусу, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын сүйүүчүлөрүнөн тышкары, Москванын жогорку окуу жайларынында окуган Кыргызстандык жаш студенттер, кыргыз диаспоралык уюмдарынын, ошондой эле казак жана таджик диаспоралык уюмдарынын жетекчилери катышышты.

Тасма көрүүнүн астында Элчиликтин кенешчиси Б.Абдыжапарова Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларын негизде тартылган тасмалардын он күндүк көрсөтүүсү бул гуманист жана уулу жазуучуга болгон мамиленин жана терең сыйдын белгиси деп түшүнөбүз деп билдирди. Элчиликтин ыраазычылыгын  билдирүү менен бирге "Звездный" кинотеатрынын директору О. Строгановага жана "Москинонун" кызматкери А.Лавровага Москва шаарынын сүрөтчүлөрү тарабынан чыгарылган Ч.Айтматовдун романдарынын негизинде түзүлгөн литографияларды белек катарында тапшырылды.