Кечээ, Москва шаарында Ильинка көчөсундө жүргүнчүлөр менен туристтерди коюп кетип камакка алынган  кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулуна соттун чечими чыкты.

РИА Новости билдиргендей, таксист 18 ай полициянын көзөмөлу менен кара жумушка иштеп тапкан маянасынан 15% кармала турганы жана 3 жылга чейин айдоолчулук укугунан ажыратылганын билинди.

Сотто сүйлөгөн Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мындай окуя болуп кеткенине өкүнүп жаткандыгын айткан. Ал такси кызматына карызынан кутулуу үчүн мындан бир ай мурда орношкондугун билдирген. Автоунааны киреге алган.

Таксист бир нече күн эс албай иштеп, окуя болгондо газ менен тормоздун педалын алмаштырып басып алгандыгын айткан. Ал элдин алдында жабырлангандардан жана алардын туугандарынан кечирим сураган.

Россиядагы Кыргызстандын элчилиги мекендешти жактап чыгып, РФтин Кылмыш жаза кодекси боюнча эгерде адам өмүрүнө катуу зыян келбесе, кылмыш иши козголбой тургандыгын жүйө катары келтирген.