Үстүбүздөгү жылдын  29-сентябрында, Москвада шаарында, кыргыз диаспорасы жана мамлекеттик структураларынын өкүлдөрү Кыргыз ССРнин чыгаан мамлекеттик ишмери, Кыргыз ССРнин 70-жылдары Совминди башкарган премьер-министри Болот Мамбетовду эскерүү митингин Новокунцевская көрүстөнүндө  өткөрүштү.

Белгилуу ишмер акыркы жылдары Москва шаарында жашап, 1990-жылдын март айында каза болгон жана Москва шаарынын тундук тарабында жайгашкан Новокунцевская көрүстөнүндө коюлган.  

Өткөн жылдын сентябрь айында Мамбетовдун 110-жылдыгы белгиленип, жыл сайын эскерүү митинги өткөрүлүүсү тууралуу чечим чыгарылган.

«Кыргыз республикасынын айыл-чарба тармагына олуттуу салым кошкон мамлекеттик ишмерибиз Болот Мамбетов учурдагы мигранттарга, анын ичинен  жаштарга өзгөчө улгу көрсөтө турган ак ниети жана атуулдугу менен белгилуу инсандардын бири. Ошол себептер менен бул инсанды эскеруу —  өтө маанилүү иш-чара» —деген сөздөр айтылып, маркумдун мүрзөсүндө куран окулду.