2018-жылдын 9-сентябрында Москва шаарындагы Аксакалдар кенеши жана Коомдук Кенештин демилгесинде КРнын РФдагы Элчилигинин, КРнын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын, КРнын ИИМнин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда Москва шаарынын Марьино аймагындагы Новочеркасская көчөсүндө Кыргызстандык жарандарынын катышуусунда болгон кырсыкка байланыштуу чогулуш болуп өткөн, бул тууралуу Орусиядагы Элчиликтин басма-сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча КРнын РФдагы Элчилигинин, КРнын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын, КРнын ИИМнин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин, Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын Коомдук Кенешинин төрагасынын, кыргыз диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрүнөн курамынан түзүлгөн комиссия уюштурулган.

2018-жылдын 20-30-сентябрында жогоруда аталган Комиссия өз ишинин алкагында кыргыз кафе-ресторандарын, жаштардын, унаа айдоочулар (таксисттер), спортчулардын, кыз-келиндердин, студенттердин жана башка мекендештердин арасында көйгөйлүү маселелердин себептерин негиз кылып, кенешип талкулоо жолу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Москва шаарынын Митино көчөсү 55 дареги боюнча «Восточная Ночь» ресторанына, Туристская көчөсү 17 дареги боюнча жайгашкан «Олимп» кафесине, Вишневая көчөсүнүн 13-үйүндө жайгашкан «Вишня» ресто-клубуна Клинская көчөсүнүн 6-үй дареги боюнча жайгашкан «Браво» ресто-клубуна, Бестужевых көчөсү 7 дареги боюнча жайгашкан "Кел-Кел" ресторанына жана Энтузиастов шоссесинин  7-үйүндө жайгашкан "Ангел" ресторан-клубуна барып, ал мекемелерди иштеткен кыргызстандык жарандар менен, ошону менен бирге ал жерлерде эс алып жаткан мекендештер, жалпы коноктор менен жолугушуп, РФнын тийиштүү мыйзамдарын так сактоого, коомдук жайларда, алардын ичинде кыргыз ресторан, кафелеринде КРнын жарандарынын тийиштүү тартипте алып жүрүүсү, ошондой эле бөтөн жерде кыргыз калкы тууралуу терс пикирди жатуучу ар кандай аракеттерден алыс болууга, спирт ичимдиктерин колдонбоо тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жолугушуу учурунда КРнын жарандарын кызыктырган суроолорго да жооп берилди.