Москвада жүрүп паспортун жоготуп алган, Кыргызстандын жараны, Апиев Замирбек Карыбекович, учурда издөөгө салынат. Бул тууралуу соцтармактардагы посттор билдирди.  

Ноокат районунан болгон мигрант паспорттун жоктугуна байланыштуу элчиликтен ата-мекенге кайтуу справкасын алып (СВР) мындан он күн мурда таксиге отуруп Кыргызстанды көздөй жөнөп кеткен. Посттун автору, ал жүргүнчүнүн Оренбург шаарынын полиция кызматкерлери токтотуп калып, ошол бойдон дайынсыз жок болгонун жазган.

«Оренбург шаарында постто бул жигитти полиция кызматкерлери бир топко кармап калышкан. Ал эми такси болсо күтүп турбастан кетип калган. Төрт сааттан кийин орган кызматкерлери коё беришкен. Колунда же телефону жок, же акчасы жок бирөөнүн телефону аркылуу кайрылуу жасаган. Ошол боюнча кабары жок. Урматтуу мекендештер, элчилик кызматкерлери, Оренбург шаарындагы боордоштор, ушул жигитти тапканга жардам берсениздер. Эжесинин телефон номери 89269316510»  — деген сөздөр менен автор жалпы элге кайрылуу кылган.