2018-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери РФнын Тула облусунун Заокский районуна барып келишти.
Аталган айылда Кыргызстанда туулган жарандар тарабынан 478 жер тилкеси жеке менчик турак жай салуу үчүн сатылып алынып, отурукташып баштаган. 40тан ашуун үй курулуп, алардын ичинен 10 чакты үйдө пайдаланууга берилип, жашай башташкан.
Аталган жарандардын тынчсыздануусунун себеби, 2018-жылдын 29-июнунда Заокский районунун жергиликтүү депутаттарынын жыйыны өтүп, анда районду өнүктүрүүнүн башкы планын, ошол райондогу башка калк жайгашкан айылдардардагы мыйзам бузууларга байланыштуу өзгөртүүнү кайра кароо токтому болгон.
Заокский районундагы Клишино деген айылда жаңыдан курулуп жаткан "Ала-Тоо" айылынын тургундарынын аталган айылдын мыйзамдуулугуна байланыштуу кайрылуусу менен маселени талкуулоо максатында Элчиликтин өкүлдөрү Заокский райондук администрациясынын башчысы Н.Н.Тимаков, "Сотый километр" риелтордук компаниянын өкүлдөрү, айыл тургундары — КРнын жарандары жана РФнын жарандыгын алган мекендештер менен жолугушту.
Ошондой эле бул маселе 2018-жылдын 5-июлунда КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев тарабынан РФнын ТИМнин КМШ 3-Департаментинин директору А.Стерник менен жолугушууда көтөрүлгөн, өз кезегинде ТИМнин өкүлү аталган кырдаал Тула облусунун Өкмөтү менен талкууга алаарын билдиришкен.
Элчилик, өз кезегинде кырдаалды мындан ары иликтөө менен, маселени көзөмөлдөп кароодо.

Бул тууралуу Ала-Тоо айылынын жер тилкесинин ээлеринин бири, Жазгул Р. «РДВ» порталына бул тууралуу төмөнкудөй маалымат берген:

«Биз 2016-жылы Клишинодон участок сатып алып, 120 квадраттык көлөмөдөгу уй салганбыз, сатып алуу убагында анын ИЖС статусу менен алганбыз, ал бизге прописка маселесин чечмек, бирок жакында ал жердин статусу «Дачное независимое товарищество» деп аталып, анын ээси пропискага тура ала албагандыгын билдирет. Аны угуп, биз уйду же сата албай, же эмне кылаарыбызды билбей турган кезибиз» — деди Клишинодогу жер тилкенин ээлеринин бири.