2018-жылдын 20-июнунда чыккан РФнын өкмөтунун №1228-р. буйругу менен Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун Новосибирск консулдук аймагына эми Республика Алтай, Алтай аймагы, Кемерово, Новосибирск, Омск жана Томск областтары кирет. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын окмотунун сайты билдирет.
Азыркы учурда Орусияда Екатеринбург шаарында генералдык консулдук иштейт, андан тышкары кыргыз жарандар Санкт-Петербург, Красноярск жана Владивосток шаарларында элчиликтин кенсесинде тейлене алышат.