2018-жылдын 22-июнунда КР Өкмөтүнө караштуу ММК төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов менен Россия Федерациясынын ИИМ ММББ башчысын орун басары Дмитрий Демиденко менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун негизги максаты Россия Федерациясынын аймагында эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарын укуктук абалын жана эки мамлекеттердин ортосундагы миграция жаатындагы кызматташтыкты талкуулоо болду. Ошондой эле жолугушууда Кыргыз Республикасынын жарандардын арыздарын карап чыгуу жана Россия Федерациясын аймагына кирүүгө Кыргыз Республикасынын жарандарына коюлган чектөө боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгектениши тууралуу эсепке алуу жана Россия Федерациясы менен маалымат алмашуу талкууланды. Эки тарап Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин КР жарандарына миграциялык абалын жеңилдетүү жөнүндөгү макулдашуулардын ишке ашырууга, эки мамлекет башчыларын буйругу берилгенден кийин дароо эле эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даярдыгын билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Самат Токтоболотов  тарабынан РФ ИИМ Биринчи орун басары Александр Горовойго жана РФ ИИМ ММББ башчысы Ольга Кириловага 2018-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган III Дүйнөлүк көчмөн оюндарына расмий чакыруу берилген.