Москванын чок ортосунда такси коюп кетип жаракат алган сегиз кишинин бешөө ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында РИА Новости Россиянын Саламаттык сактоо департаментине таянуу менен билдирди. 

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү такси кызматынын айдоочусу жөө адамдарды коюп кеткен. Кийинчерээк андан кыргыз паспорту табылып, кырсыкка кириптер болгон адам Кыргызстандын жараны Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган.

Маалыматка ылайык, кырсыктан оор жаракат алгандар болгон эмес. Жабырлануучулардын арасында Мексика, Азербайжан, Украина жана Россиянын жарандары бар. 

"Жабыркаган беш жаран кечээ эле медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө жиберилген. Калган үч кишинин учурдагы абалы канааттандыраарлык. Жакында алар да ооруканадан чыгарылат", — деп айтылат маалыматта.