Аны аниматор болуп иштеген Бактыгүл Алимкулова уюштурган. Майрамды уюштурганга кыргыз диаспорасынын жамааты, элчилик жана бир топ коомдор жардам берип колдошконун айтты.
«Балдарга жакшы маанай тартуулоо биздин негизги максат. Иш-чараны колдоп бергени үчүн баардыгына терең ыраазычылык билдирем. Ага биздин көптөгөн жердештерибиз жардам бере турганын дароо эле билдиришти. Алардын жардамы менен бул майрамы өтө шаңдуу жана унутулгус болуп өттү деп ишенем» — деди уюштуруучу.
Анын айтымында, колдоо көрсөткөн — бул диаспорасынын лидерлери, элчилик, мамлекеттик кызмат миграция КР, ОКК жана башка коомдор.
Аниматор белгилеп кеткендей майрам жалаң кана кыргыз балдарына арналган эмес. Ага тажик жана өзбек диаспораларынын балдары да катышкан.
Майрамдын соңунда демөөрчүлөрдүн атынан балдарга белектер жана балмуздактар таратылды.