Орусиядагы табигат таануу академиясынын (РАЕ) анык мүчөсү болуп КРнын жараны белгилуу доктур Сырга Бөкөнбаева дайындалды.
Бул жогоруда аталган иш-чара Москва шаарында 24-майда өттү. Ага Кыргызстандын РФгы элчилигинин кызматкерлери катышкан.
Бул жылы РАЕ дипломунун анык мүчөсү катары 35 киши жакынкы жана ыраакы чет өлкөлөрдөн тандалды.
Сырга Бөкөнбаева, медицина илимдеринин доктору, профессор,
Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин «Педиатрия» медициналык факультетинин кафедра башчысы болуп эмгектенип келет.