Эми КРнын Өкмөтүнүн токтому менен «Жүк-200» боюнча чоң көмөк көрсөтүлөт. Бул тууралуу, Өкмөт алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орунбасары Самат Токтоболотов билдирди.
«Урматтуу мекендештер, өзүнүздөр билгендей чет өлкөдө жүрүп каза тапкан жарандарыбыздын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү маселеси көптөн бери көтөрүлүп, бирок бүгүнку кунгө чейин канаатандыраарлык денгээлде чечиле элек болчу. Бүгүнкү күнү Өкмөттүн токтому менен жаны эрежелер жана шарттар бекитилди. Анын негизинде Кыргызстандын жараны кайсы гана мамлекетте жүрүп кайтыш болбосун, кайсы максат менен жүргөнүно карабай (жумуш, турист ж.б) Кыргызстанга алып келингенде жакын туугандарына 50 000 сом компенсация катары төлөнүп берилет» — деп соцтармактарда билдирген. Анын айтымында, андан тышкары компенсация алуу үчүн топтолуучу документтердин саны 2-3 документке чейин кыскартылган.
«Эскерте кетсек буга чейинки эреженин негизинде жалан гана транспорттук чыгым төлөнүп берилчу, орто эсеп менен алганда 25-35 мин сом, жана 8-10 документ талап кылынчу» — деди Самат Токтоболотов.
Төмөндө кыскача тушундурмөгө көнүл бурунуздар.
1. Кайрылган адам, каза тапкан адамдын жакын тууганы болгон кезде, төмөнкү документтерди тапшырат:
— паспортунун көчүрмөсү;
— туугандыгын тастыктаган документтер (никеси тууралуу күбөлүк, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк);
— өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
2. Каза тапкан адамдын сөөгү Кыргыз Республикасына алынып келе элек болгон учурда:
— паспортунун көчүрмөсү;
— жакын туугандыгын тастыктаган документтер (никеси тууралуу күбөлүк, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк);
— жаранынын өлгөндүгү тууралуу нотариус тарабынан күбөлөндүргөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттеме
3. Жеткирүү чыгымдарын төлөгөн киши, каза тапкан адамдын жакын тууганы болбосо анда ал төмөнкү документтерди тапшырат:
— алуучунун паспортунун көчүрмөсү;
— өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
— расмий коштомо документтер (транспорт кызматын көрсөтүү келишими, сөөктү коштоп барууга берилген ишеним кат, табыттын жабылгандыгы жөнүндө акт, ошондой эле инфекциялык оорулардын жоктугу жөнүндө маалым кат);
— Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө жумшалган чыгымдарды төлөгөндүгүн тастыктоочу документтер.
Эскертме: Мындай учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгүн жеткирүүдө бир жолку төлөмдүн өлчөмү мекенине жеткирүүгө жумшалган чыгымдарды төлөгөндүгүн тастыктоочу документтердин чегинде болот бирок 50 миң сомдон ашпайт.