«Кыргыз жергесинин ажайып кооздугун, табиятынын сулуулугун, мелмилдеген Ысык-Көлүн, жапжашыл токойлорун, кызгалдакка оронгон тоо боорлорун, жашыл тулаң чөптөрүн даана, таза чагылдырган «Между небом и озером Иссык-Куль» аталган фото сүрөттөрдүн көргөзмөсү Москва шаарында классикалык фото сүрөттөр Галереясында тартууланууда» — бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги билдирет.
Дареги: Москва шаары, Саввинская набережная көчөсү 23/1, метро станциясы Спортивная.
Көргөзмө 16-апрелге чейин уланат. Галерея саат 12.00дөн 21.00гө чейин иштейт.
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү — эс алуу. Кирүү акысы балдар үчүн 150 рубль, чоңдор үчүн 300 рубль турат.
Фотокөргөзмөнүн Орусиянын фотографтар шериктештиги уюштурган.