Москвада кыргыз коомчулугунун окулдору дагы бир даарыланууга муктаж болгон мекендешине жардам корсото алышты. Ал эки баланын энеси Перизат Атамбиева.
«Эки бөйрөгү ооруп, кыйналган эки наристенин апасы Атамбиева Перизат карындашыбыздын кыйналып ооруп атканын угуп, көп түкүрсө көл болот деп, Орусиядагы жердештерибизден беш он тыйындан топтолгон 118миң акчаны жөнөтүп өз колуна тапшырдык» — деп РДВ порталына айтылган иш-чаранын уюштуруучулардын бири Чынгыз Ысманов маалымдады.
Анын айтымында, жалпылап ушинтип бир адамдын болсо да көйгөйүн чечүүгө аракет кылып, эки наристенин апасынын, бир жигиттин өмүрлүк жарынын, бир үй бүлөнүн сүйүктүү кызынын, дагы бир үй-бүлөнүн сүйүктүү келининин дартына дабаа болуп кетсек, уккан кулак да сүйүнөөр, төбөдө Кудай да ыраазы болоор.
— Ушуну менен жөн калбай, биздин уюм "KG-RUSS" көтөрүп жаткан мигранттарды камсыздоо фондун да жандандырып, бир жолго салып алганыбызда мындай көп адамдын көйгөйүн чечмекпиз, деген ойду Ысманов билдирди.

Бардык кайдыгер эмес адамдарга жана маалыматты бөлүшкөн жалпы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө коом тарабынан да терең ыраазычылык билдирет.