16 февралда Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинде КРнын Башкортостандагы консулдук кызматынын жетекчиси Айрат Хабировго экзекватура тапшырылды.

Элчиликтин басма-сөз кызматы билдиргендей, өткөн жылы Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жана КРнын Орусиядагы элчилигинин биргешешкен аракети менен бир катар шаарларда консулдук канцеляриялары ачылган.

Алар Бюрегаван (Армения), Хельсинки (Финляндия), Томск (РФ), Сахалин жана Камчаткада ачылган.