Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги россиялык өнөктөштөрдүн (РФнын Маданият министрлиги, Москва мамлекеттик лингвистикалык университет, Элдер достугу Россиялык университети, РФнын ТИМнин Москва мамлекеттик Эл аралык Институттун) жардамы менен улуу жазуучу Чынгыз айтматовдун 90-жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу КР РФдагы элчилигинин басма-сөз кызматы билдирет.


Жазуучунун мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаралар цикли 2018-жылдын 16-январында Москва шаарынын Третьяков галереясынын кино залында Ч.Айтматовдун "Бото көз" чыгармасынын негизинде 1963-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында тартылган "Зной" көркөм тасмасын көрсөтүү менен башталды.
Салтанаттуу иш-чара белгилүү режиссер Л. Шепитьконун 80 жылдык мааракесин жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулду.


Тасма көрсөтүүнүн алдында белгилүү орус кинотарыхчысы Н.Клейман, киносценарий жазуучу А.Климов, КРнын РФдагы Элчилигинин өкүлү эки элдин маданий тарыхында калган залкар адамдардын чыгармалары, калтырып кеткен тарыхый эстеликтерин белгилешти. Советтик кыргыз кинематографиясынын "кыргыз кереметинин" өнүгүүсү туура улуу жазуучу Ч.Айтматовдун калеминен жаралган чыгармалардын негизинде тартылган тасмалар менен коштолгондугу тууралуу бирдиктүү пикирлерин билдиришти. Иш-чаранын коногу катары белгилүү режиссер Л.Щепитьконун уулу Г.Климов да катышты.


Маалымат катары: Кинорежиссер, актриса, РСФСРдин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Лариса Шепитько, 1939-жылы Украинанын Артёмовск шаарында туулган. "Зной", "Ты и я", "Крылья", "Родина электричества", "Восхождение" деген толук метраждуу көркөм тасмалардын автору.
Биринчи толук метраждуу тасмасы "Зной" аталышта Ч.Айтматовдун "Бото көз" чыгармасынын негизинде 1963-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында тартылган. Башкы ролдо СССРдин Эл артисти Б.Шамшиев ойногон.