Орусиянын белгилүү сериалында тартылып келаткан менен актердук карьерасы эми-эми башталып келаткан макалабыздын каарманы, Москвада отурукташкан,  үй-бүлөсүнө жашоосун  арнап, бирок   «качан киного тартылам» деген ойлорго батып калган учурларды баштан өткөргөн  киноактриса -  Жаӊыл Асанбекова  «Орусия баардыгы үчүн» порталына  интервьюсун берди.

Аны менен Москванын кафелеринин биринде жоолугуп маекти жаӊы баштайлы дегенде улам бири жаныбызга келип, «сиз баягы кинодогу  Айнура эмессизби?» - деп жалаӊ кыргыз эмес, өзбек менен орустар сурап жатты.  Биринчи тасмадан кийин эле таанымал болуп калган Ысык-Көлдүн сыймыктуу кыздарынын бири, интервью ортосуна келгенге  чейин көз айнегин чечпей маектешип олтурду. Себеби, баягы тааныгандар тартынбай эле сөзүбүздү бузуп  улам «Айнура» деп кайрылып жатышты. Бирок, ошентсе да, биз тилегибизге жетип, сөз да узак болуп, макала да даяр болду.     

-Үй-бүлөнүздү кандай сактап келдиңиз?

-Үйлөнгөнүбүзгө  жыйырма жылдан ашты. Жолдошум Таалай  менин кесибимди сыйлайт, искусствого жакын киши болгондуктанбы, менин өсүшүмдү каалайт. Негизи ортодогу сый-урматтан башка сезим да бар болуш керек менин оюмча. Жолдошуӊ сени сыйласа ошол көп нерсени сактап калат экен. Таалай да Москванын жогорку окуу жайын бүткөн, өзү ишкер. Биз өзүбүздүн көңүлүбүз менен үйлөнгөнбүз.  Эки балам бар.

-Бул сериалга чейин  такыр тартылган жоксузбу?

-Чакырылып жаттым, бирок буйрукка жараша жогоруда айтылган серилада толугу менен тартылып, актриса катары реализоваться этип келатам. Өзүбүз жыл сайын  балдар менен   ата-энебиздикине Ысык-Көлгө барып турабыз. Кетээр менен эле ар кандай  сунуштар тушүп жатты. Бир жолу «Кочевник» деген 6 жыл мурда чыккан белгилүү тасмага да чакырышыптыр, мен болсо Кыргызстанда болуп калып алар мени менен байланыша албай калышты.

 Ага мени балдарым менен кошо пробага чакырышкан. Ал  тасма кийин көп ийгиликтерге   башкы ролго казак эмес батыштын актерун чакырган үчүн жете албады.

«Башында сериалда  мен сценарий боюнча «ойбай»  деп үн чыгарышы м керек эле. Бирок ал казактын сөзү, такыр болбой кетсе «ойбой»  дешим керек деп  режиссер жана сценаристтер менен сүйлөштүм.  Андан кийин «апей», «иииий» деген кыргызча сөздөрдү колдонуп баштадым. Ага эч ким каршы болгон жок».

-Ал тасмага кантип тартылып калдыӊыз?

-Менин «Мосфильмдин»   «актердук столунда»  портфолиом илгертеден эле бар болчу. Үмүтүмдү такыр үзгөн чокмун. Бирок сериалга  агенти жок  эле киргем. Учурда болсо агент менен иштешем. Мен ошондо да үйгө кетейин деп жаткам. Бирок буйрук ушул экен.

-Ал жерде  дагы кыргыздардан сценарист  Жанат Керимбаев да иштейт экен, кыргыздын образын киргизүү ошол балага  таандыкпы? 

- Аны менен  съемка башталгандан кийин, бир «корпоративден» тааныштык. Бирок аякта жалгыз Жаннат эмес эки-үч бала Кыргызстандан экен. Бирөөсү орус, бирөөсү кореец.

Ал жерде өзбек же тажик эмес кыргыздын катышуусу кимдин демилгеси экенин билбейм, бирок режиссердун сөзүндө,  Оруссияда кыргыз көп болгондуктан бул ой жалпы идеяга туура келген.

- Сиз Москвада жашагандан кийин жолдошуңуз менен кошо үйдө олтурбай иштедиӊизби?

###

-Мен негизи үйдө бала-бакырам менен олтурчумун. Баламжы көркөм студияга, кызымды гимнастикага алпарчумун. Анан ьтышкары өз кесибимди унутпай Москвадагы концертерге катышчумун. Кыргызстандын артисттери Гүлнур, Актан, Динара ж.б. аткаруучулар менен Орусияда откөрүлгөн бир топ концерттерге катышып жүрөм. Андан тышкары  «Россия в кругу друзей» деген жыл сайын өткөрүлгөн маданий чарага кыргыз элинин атынан комуз чертип ырдап   катышып жүрдүм. Нооруз, «День города» сыяктуу майрамдык концерттерге катышам, коптөгөн диплом грамоталарга ээ болдум. Дагы бир бактылуу күндөрдүн бири - кыргыз эле эмес, дүйнөлүк жазуучу Чынгыз Айтматов аганын 75 жылдык мааракесинде Москвалык жаштардын атынан куттуктап ырдап, чогуу сүрөткө түшкөм.

-Көчөдөн таанып эле калыштыбы?

-Ооба, көз айнек кийсен да жаныма келип сиз сериалдагы Айнура эжесизби сериалдагы деп сурап калышат көчөдөн.Анан бул жакта жүргөн жаштар келип сиз менен түшкөн сүрөтүбүздү ата-энеме салып жиберейин деп көп айтып калышат. Анан фанаттар да болот турбайдын сериалдын джеле. Алар да тасма аянтынан биз менен сүрөткө түшүшөт. Же метродон баратсаӊ кечке тиктеп карап калышат.

-Көлдө калмак аралаш кыргыздар көп эмеспи, сиз андайларга кирбейсизби?

-Жок, мен нукура таза кыргызмын.Актриса болом деп кичинекей кезимен эле эӊсечимин. Ырдап чыгып эле көп өзүмдү артисттей алып жүрчү экенмин. Ошол бала кезимдеги тилегим  орундалганына тан калып да кетем. Көлдөн бир курбум менен уй кошкону барганда тезирээк Москвага барып окусак деп кыялданчубуз экен. Ошонун баары келбедиби. Башында чоӊапам макул болбой, анан билген кишилер ага: «Фрунзенин институтуна оӊой менен өтө алышпайт, Москвага кандай жибербей коесуз?» - дегенден барып анан кое берген.  Бирок мен биринчи Ленинграддагы театралдык институтуна тапшырып өтүптүрмүн, бирок оордумду башкалар ээлеп калыптыр. Ошондо мен абдан ыйлагам.

Эстесем, окуп жүргөндө атымды орусчалатып Жанна деп койчумун, бирок мугалимдерим "өзгөртүп эмне кыласыӊ, Жаӊыл эле бойдон кал" - дешкен.

-Сиз ошол тасмада мигрантты ойнойсуз, жашоодогу мигранттарга кандай мамиле кыласыз?

 -Мен көрүп калам биздин жаштарды, колуна сыра кармап көчөдө жүргөндөрүн. Негизи Москва деген баарын баккандыктан акыл-эстүү болуп чегин билиш керек. Бирок жаштык  да унутулгус өтүш керек.

-Балдарыӊыз жөнүндө айтып кетесизби?

-Жогоруда айткандай эки балам бар.  Уулумдун аты Темирлан 19 жашта. Кызым Жасмин 8 класста окуйт.

Учурда Суриков атындагы корком орто окуу жайында окуйт. Ɵткөн жылы Флоренцияга тапшырталы десек,Италиядагы котормочу болуп иштеген бир таанышыбыз    Флоренция илгери  Ренессанс доорун жараткан сүрөтчүлөрү менен илгери даназалуу болсо, учурда андай болбой калган деди бизге. Көрсө Орусиядагы худучилищени бүткөн студенттердин профессионалдык деӊгээли алардын жогорку окуу жайы менен теӊ экен. Анан балам өз күчү  менен «суриковскийге»  өтүп, бюджетке илинип калганы да биздин чечимге таасир этти. Бирок убагында балам Рим, Венеция, айтылган Флоренция шаарларын көрүп келген.

Уулум жөнүндө кеп кылып бир нерсе эсиме келди. Ал кичинекей  кезинде барып жүргөн студиянын жетекчиси мени чакырып «баланыздын сыйлыгын алып кетиӊиз» -деп чакырып калды. Барып сыйлыгын алып, көп сураштырбай эле чыга берейин деп баратсам, ал мени токтотуп: «Бул эмне сыйлык экенин бир кызыгып да койбойсуз, - деди. Анан токтоп сурадым. Көрсө, Москва шаары боюнча менин баламдын гана  сүрөтү татыктуу болуп Зураб Церетелинин колунан  сыйлыкты  мугалим алыптыр. Ал окуган студиядай мекемелер Москванын бир эле районунда канча, райондордун өздөрү канча?  Кызыкпаганыма да бираз уялып да калдым.

Кызым Жасмин 8-классты бүтүп жатат. Математика жана географияга басым кыоган орто мектепте окуйт.

Ийгиликтин эрте кечи жок экен.

Ушинтип кырктан ашканда кинокарьерам башталып атканга абдан кубанычтамын. Анткени өзүӊдү сүйгөн кесибиӊ кандай сонун! Ошол «Ашкана» аттуу сериалдан кийин мени башка кинодолбоорлорго да чакырып жатышат.