Кыргызстандын мамлекетик тили-кыргыз, расмий тили - орус болуп кабыл алынган. Бирок, Бишкекте жүрүп дүкөндүн ичинен же базардан бир нерсенин баасын сурасаӊ,адатынча, жарымын кыргызча, жарымын орусча жооп беришет. Бул жагдай бүт жерде кездешет. Мындай «стилде» сүйлөп калганын  биздин кыргыздар  Орусияга чыга баштаганга байланыштуу деп да коюшат. Бирок андай эмес. Бул көйгөйдүн көп тамыры бар.

Ал эми ошол эле убакта  Москва шаарындагы лингвистикалык университетинде кыргыз тилин жергиликтүү  орус студенттери  негизги сабак катарында үйрөнүп келатышат.

Бир карасаӊ, миграцияда жүрүп биздин замандаштардын таза же кыргызча же орусча сүйлөй албаганы, Бишкекте жүрүп «кыргызча билбейм» дегени, сырттан кызыктай эле көрүнөт. Жок дегенде Москванын көчөлөрүн таптап жүргөн жаштардан «Бул долбоор керек, орустар кыргызча үйрөнүп жатса,бул чоӊ жылыш!» -дегендин оордуна, кайдыгер мамилеге дуушар болуп, кызык эле болот экенсиӊ. Андай болсо да бул долбоор эмнеден башталып учурда кандай абалда экенин биз анын жетекчиси Жеӊишкүл Байтерековадан   сурап көрдүк:

- Жеӊишкүл Саматовна, бул кафедранын кыргыз тили жана маданияты боюнча  долбоору качан жана эмне себеп менен башталды?

-2004 жылы мамлекеттер арасындагы долбоор Кыргызстандын БГУ жана Орусиянын Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин(МГЛУ) ортосунда ишке ашырылган. Бизге чейин армян, казак, азербайжан тилдери боюнча ошондой эле бөлүмдөр ачылган. Биздин бөлүмдүн ачылышына  КРнын РФгы элчилиги жана Кыргызстандын билим берүү министрлиги көмөктөшкөн. Ага мен тааныштар аркылуу эмес өз күчүм менен өткөм. Кийин угуп көрсөм, конкурска катышкандар көп эле экен.

Англис жана немис тили менен катары кыргыз тили специализация катары кетет. Эӊ бирини жолу группада 12 киши чогулган.

- Студенттер бул тилге кандай мамиле кылды,тиешелүү түрдөбү же түшүнбөстүктөр болуп жаттыбы?

- Биринчиден, эл катары советтик союз убагында таанылсак, кийинки муундар суверендик системага киргенден кийин бири-бирин тааныбай калган. Экинчиден, англис жана немис тилинин дүйнө жүзүнө белгилүү болгонуна байланыштуубу, таанылбаган тилге мамиле бираз башкача болуп жатты. Бирок, акыры ачык сабактарды өткөрүп, анын бетачарына Чыӊгыз Айтматовду чакырдык. Ал киши Кыргызстан жөнүндө, анын тарыхы, тили, адабияты жөнүндө аӊгемесин чоӊ кызыгуу менен угушту. Ошондон баштап мен ойлойм, студенттерим кыргыз тилине мамилемин да өзгөрттү.

Ушинтип. Биз белгилүү кишилердин катышуусу менен ачык сабак өткөрүп, бир топ жылыштарга жеттик деп ойлойм.

- 9 жылдын ичинде канча группа чыгардыӊыз?

- Бир. Себеби система боюнча программа 5 жылга эсептелинген, аларды аягына чыкмайынча башка группа алынбайт. Экинчи топту биз 2013 жылы чыгарабыз.

-Тил үйрөнүүдө практикасыз иш жылбайт, сиз кандай ыкмаларды колдоносуз?

-Албетте, практика биз үчүн да маанилүү, ал максат менен биздин студенттерибиз 2012  жылдын октябрь айында Кыргызстанга  барып келишти. Ал жакта эки жума жүрүп, малекеттик структуралардын өкүлдөрү менен жоолугушуп, эл менен баарлашып, кыргыздын салт-санаа үрп-адаттары менен таанышып келишти. Андан тышкары программабыз өзүнөн өзү кеӊири иштетилген. Биринчиден, студенттер жалаӊ тил грамматикасы жана адабиятын өтпөй,  жаӊы тарыхты, учурдагы кыргыздардын дүйнө жүзүндөгү кыргыздар жөнүндө жана башка кызыктыра турган көп нерселерди өтүшөт. Албетте, «Манас» эпосуна чон басым кылынат.   

-Кыргыз тилин сактап калуу жана колдон келишинче белгилүү кылуу ар бир муундун жеке милдети. Ага караштуу бул эӊ керектүү долбоор. Бирок, азыркы жаштар же Москвада жүрүп орус тилин билбей кыргызча так сүйлөйт десеӊ, ал да жок. Бишкектин  жаштары  тескерисинче - эне тилин чала билет. Тил маселеси өзүбүз үчүн көйгөйлүү болуп турат ...

-Ооба, тил маселеси өзүбүз үчүн биринчи орунда турат. Кыргыздар келечек үчүн эки тилде бирдей жакшы жана таза сүйлөгөнгө аракет кылыш керек. Учурда аягына чейин  бир тилде таза сүйлөгөн кишилердин саны аз. Ал билбегендиктен  эмес, ошондой адатка айланып кеткен.Эне тилинде таза суйлөгөндө орус тилин жакшы билбейт, же Орусия туулгансып орусча мыкты билет, кыргыча болсо аксап турат.

-Сиздин оюӊузда, миграцияда жүргөн мекендештердин чөйрөсүндө эне тил жана маданиятты сактап калуу мүмкүнбү?

-9 жылдын ичинде биздин балдар үчүн мектеп ачуу жөнүндө көп сөз болуп жатат. Бирок тилеккке каршы бир да мектеп жок. Жок дегенде, бир толугу менен кыргыз мектеп болбосо да, жумасына бир-эки жолу өткөрүлө турган сабактар да өткөрүлбөйт. Бул албетте, татаал, себеби каржылоо жана  методикалык база керек. Ниет бар,бирок ишке ашырыла элек.

-Бул чара колдон келчүдөйбү?

-Албетте, себеби, кыргыздардын саны көбөйгөнүнө жараша талап да бар. Балдар менен ата-энеси жумуш менен толугу менен алек болуп жүрө албайт. Ушундан улам, балдар кыргызча да унутуп кетиши ыктымал. Эми, азыр жагдай башкача, бирок бир канча жыл мурун мкекендештердин саны азыраак болуп, такыр унутулуп калган мисалдар көп. Менин уулум, Москвада орусча окуду. Менин аракетим менен тилин унуткан жок. Биринчи сөздү бала эне тилинде айтса, кийин ушундай  шарттарда кайра өз тамырын унутпай сүйлөп кетет дегенге ишенем.

-РФда туулуп өскөн балдар эне тилинде кенен сүйлөп калышы  мүмкүн экен да?

-Ооба. Эмнеге болбосун. Мага бир такыр кыргызча сүйлөбөгөн студент бала келип тил үйрөнөп элем дегенинен жардам бердим. Тилдин грамматикалык түзулүшүн түшүнөөр менен, колго алып кетти.

Кээде андай балдарга убакытымды толугу менен болүп бере албасам дагы, окуганга китеп берип калчу элем. Таӊ калчу нерсе -Орусия туулуп акыры мен киммин, биздин кандай үрп - адат, каада - салттарыбыз бар, ал эмнеден чыккан деген сыяктуу суроолорду өзүнө берип калышат экен.

Ошол эле убакта буларга толугу менен көӊүл бура албаганыма бираз ичим ачышат, бирок Москвада ашпозчу же клинингде иштеген эмне болгон кыргыздын мыкты мугалимдери иштеши мүмкүн! Кээ бирин мен жакшы тааныйм.

Бул жагдайды колго алып туруп, маселени чечиш керек.