Жакында Москванын ресторандарында кийиз менен иштеген дизайнер Гульнара Качаганованын «Кийиз дүйнө» аттуу көргөзмөсү өттү. Дизайнер  көргөзмөгө көптөгөн кызыктуу адамдардын келгенине кубанды. Иш-чарага кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жөнөкөй кийизге кызыккан москвалыктардан, моданын акыркы жаӊылыктарына көӊүл бурган айымдар жана башкалар катышкан. Себеби кийизден жасалган буюм жалаӊ сулууктун гана эмес жылуулуктун да белгиси болуп эсептелет.Бул көргөзмөгө эки ай даярданып Гульнара ар кандай түрлүү буюмдарды жасаганга жетишкен. Анын ичинен көйнөк, чыптама, чепкен, топу, этек, жоолук, шууру жана оюнчуктар өзгөчө назарга ээ болгон.

Бунун баарын жалаӊ кийизден жасабастан,  жибектин үстүнө кийизди ным бойдон коюп көптөгөн жоолук-көйнөктөрдү көрүүчүлөрдүн көзүнө тартуулаган. Жөн эле кийиз менен мындай иштөөнү Батышта фелтинг деп атаса, жибек менен кийиз кошулган  буюмдарын даярдоо ыкмасын нанофелтинг деп аташат. Дизайнер экөөнү теӊ бирдей колдонуп келет,  көргөзмөлөрдө көркөмдүк жана чеберчилик жактан мактоого ээ болот. 

«Кээде жетишпей баратып түндө да иштейм, анда уйдөгүлөргө мага чыдаганына рахмат айтам, себеби курактарым ар жерде жатышы мүмкүн» -деди дизайнер.

Кээ бир буюмдарды бир күндө жасап жетишсе, кээ бирин күндөп-түндөп жасоого туура келет.

«Кийиз дүйнө» кргөзмөсүн уюштарган үчүн мен курбуларыма алкыг айткым келет алар -Жылдыз, Жаннат жана башкалар. Бул кечеге жалаӊ кыз келиндер келген үчүн кыздар кечеси деп да айта алат элем. Бул күн ийгиликтүү өттү деп ойлойм»-деди Гульнара.

Бул чаранын өтүүсүндө кыргыз улуттук такматар да сунушталды. Анын ичинен палоо,манты, таттылар берилип жатты. Тамактын аркасынан адатынча көк-чай берилип коноктордун маанайын  коштоп илгерки кыргыз ырлар угулуп жатты.

Келген кыз-келиндер шашпай кийимдерди карап чыгып,бирок буюмсуз кетишкен жок.

Көргөзмөнүн катышуучулары, дизайнердин эски тааныштары төмөнкүдөй сүйлөдү: «Гульнара жөнүндө мен курбум Света деген курбуман уктум. Ал чала-була нерсе үчүн эч кимди мактабайт. Ага ишенип  бир канча убакыт мурун Гульнара менен таанышып, жасалгаларын дайыма алам. Алар абдан кооз жана биздин аба-ырайга ылайык. Ошол эле убакта кооз»-деди  Марина.

Адамдар оокат-тиричиликте кийизди нечен кылымдардан бери колдонуп зман откөн сайын унутпастан, кайра жаӊы ыкмалар менен колдонулуп келүүдө.

Жылуу жана жарактуу болгон кийиз Борбор Азия жана Монголиянын көчмөндөрүнөн баштап Кытайдын аскерлери ыраакы Европадагы жайгашкан Римдин аскерлерине чейин кеӊири колдонгон.     

Бүгүн кийизден ар кандай нерселерди жасоо, өзүн алаксытуу үчүн жакшы адат болуп эсептелинет.

Эгер кийизден кийим тигүүнү батыштагылар фелтинг десе, жибектни үстүнө кийизди чаптоо чеберсилиги нанофелтинг деп аталат.

Гульнара Качаганова экөөнү теӊ бирдей алып кетип, бүгүн Москва шаарынын белгилүү инсандарынын арасында кардар  күтүп алат.

Кыргызстандын өзүндө кийиз-албетте элдик чеберчиликтин белгилүү трамагы болуп саналат.