Россия жергесине биринчи ирет кесиби,жана билими бар адамдарды чакыруунун кажети бар экенин айта  кетти.Бул маселени колго алууда 2025 жылга чеийнки атайын миграциялык саясатын туура башкаруу концепциясы РФнын Коопсуздук Кеңеши тарабынан каралып,президент кол койгонун Медведев мырза эскертти. Бул    жагдайга Кыргызстан тарабынан кандай ой-пикир,көз-караштар бар, Россия менен кандай мамилелер түзулүп, жер которуучуралдын абалына  кандай көнүл бурулуп жаткандыгын сурамжылап биз Россия Федерациясындагы Кыргыз  Республикасынын элчилигинде кызмат өтөп жаткан элчинин кеңешчиси Болотбек Бейшенбекович Мукашев менен маегибиз төмөн жакта.

 «Жер которуу же мындай айтканда миграция маселеси Кыргызстан үчүн учкай маселелердин бири, жалпы кыргызстандык мигранттардын 80% Россияда экени, бул жарандардын күчү менен республикабызга жылына 1,5 млрд долларга жакын каражат которулуп жатканы баарыбызга маалым.Демек, бул нерсени алдын келишинче анализдөө, керектүү органдар менен иштешүү  биздин негизги максаттардын бири.Кечээ Медведев белгилеп кеткен маселелер менен толугу менен макулбуз. Мисалы, жанагы 8 млн адамдын ичинде кыргыздар маанилүү бир пайызды түзөт.Россиядагы Федералдык Миграциялык кеңеши менен биз көптөн бери тыгыз байланыштабыз. Жакында  ошол кеңештин жана бир топ диаспоралардын катышуусунда пресс-конференция өткөн. Анда биздин катышуубуз менен көптөгөн олуттуу маселелер талкууланып,миграцияга тийиштүү  мыйзамдарга таасир берүүчү ыкмалар чагылдырылган. Мисалга, мындан бир эки жыл мурда мигранттардын абалын жеңилдеткен патент канча кишинин сообуна калды? Биздин жарандар биринчи жылы  11 миң патенке ээ болсо,акыркы жылы 50 миңден ашыруун патент алган.          Ушундай жана башка жеңилдетүүлөргө жол салган иштерге биз дайыма даярбыз.Же биздин Тышкы иштер министрлиги менен федерациялык миграциондук кеңеши тарабынан түзүлгөн тобу өзүнчө байкоолорду жүргүзүп мыйзамдарга таасир берүүгө жол ачылган.

Эң негизги белгилеп кетчү нерсе, Медведев-мырза айткандай,Россияга жетпей жаткан адисттерди топтош керек деген сөз тууралуу-апрель айында Ош кесиптик лицейден 15 киши дайындалып Россияга жөнөтүлгөн. Бир аз болсо да иштин жүргөнү. Июлда Москвага расмий иш менен келген КРдин премьер-министри Өмүрбек Бабанов бул долбоорду өнуктүрүүдө

шарт тузулүп берээрин  айтты. Тагыраак,буйруса Кыргызстандын жети дубанында ушундай лицейлер аркылуу Россияга даяр адистерди жиберүү. Ошондуктан, Кыргызстан тарапты сураса,биз Россия менен бул жактан пикирибиз бир,көзүбуз түз.

Андан тышкары, биздин элчиликте өзгөрүүлөр да бар. Миграция боюнча иштерди эми биз жүргүзөбүз. Элчиликте дипломаттардын саны көбөйүп, күздөн баштап РФтин  14 шаарына расмий каттоону баштайбыз- кыргыздын саны   жалаң эле Москвада көбөйбөстөн, ыраакы шаарларда да орун алып келе жаткан учуру. Бул нерсени биз туура колго алышыбыз керек».