Жанрдык белгилери жактан «Манас» баатырдык эпоско жатат. Бирок анын камтыган мазмуну берген маалыматы алда  канча терең жана кеңири. Эпосто элдин үрп- адатынан тартып кылымдар бою жашоосундагы калыптанган салттары, тиричилиги, көрүнүктүү окуялары, жашоо, жаратылыш, коом жөнүндөгү түшүнүктөрү, ар түрдүү ишенимдери чагылдырылган.«Манастын» мазмунунда элдин тарыхындагы түрдүү ишенимдери чагылдырылган. »Манастын» мазмунунан биз элдин санжырасын,  эл тагдырынын түрдүү учурларын көрө алабыз. Академик Ч.Валиханов  сыяктуу  окумуштуулар «Манасты» бекеринен «кыргыз турмушунун көркөм энциклопедиясы» деп аташпаган.Эл арасында «Манастын» кадыр-баркынын далилдери катары буларды айтууга болот: бул эпостун материалдарына кыргыздар кылымдар бою көркөм чыгарма катары эмес, болгон чындык катары мамиле кылышкан. Андагы айтылган ар бир маалыматка тарыхый факты катары ишенишкен. Узак убакыттар бою эл азаматтары манастын аты менен жоого киришкен. Жомоктогу оң каармандардын иштеген иштеринен таалим-тарбия алышкан; Кыргыз жергесинде учураган белгилүү, кооз ар бир нерсе  манастын аты менен аталган же ошол жомок окуяларына байланыштырылганКыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы өзгөчө бай экендиги фольклордук чыгармаларда кеңири маалым. Ошол бай материалдардын ичинде баатырдык эпостор көрүнүктүү орунду ээлейт.Кыргыз элинин биринчи болуп кагаз бетине түшүрүлгөн көркөм чыгармасы да басмадан биринчи которулганы да ушул «Манас». Кыргыздар эл алдындагы улуттук сыймыгы катары биринчи «Манасты» аташат.Дүйнө жүзүндө фольклорсуз эл болбойт. Ар бир элдин оозеки чыгармалары ошол элдин басып өткөн тарыхый жолу менен шартталган. Эл турмушун чагылдырууда калктын жакшы-жаман жөнүндөгү туюмдарын таасирдүү элестердин жардамы аркылуу берүүдө фольклордун өтөгөн кызматы ролу чоң. Ошол үчүн кандай гана эл болбосун өз ата мурасы катары фольклорду жогору баалайт. Күндөлүк турмушунда айрыкча жаштарга тарбия берүүдө кеңири колдонулат.20-жылдын баш чендеринен тартып эле калк арасынан оозеки көркөм чыгармалардын үлгүлөрүн жазып алуу - кагаз бетине түшүрүлүп жыйноо иштери башталды. Алардын ичинен элге кеңири манасчылардан жазылып, алынган «Манас» эпосунун үч бөлүмүнүн көптөгөн варианттары да бар.

                         Манастын жети осуяты

. Эл журттун бүтүндүгү

2. Улуттар арасындагы ынтымак

3. Улуттук ар-намыс

4. Алдыңкы өнөр-билим

5. Адамды, ата-бабаны урматтоо

6. Табият менен таттуу мамиледе болуу

7. Мамлекетти чындоо жана аны көздүн карегиндей сактоо

 

Кыргызстанда Манастын аты менен көптөгөн мекеметер аталган.

Анын ичинен аэропорт,университет,көчөлөр,уюмдар белгилүү.

1979-жылы Манастын ысмы менен астероид Николай Черных  деген астроном аркылуу аталган.

Кытайда Манас деген дарыя бар.

 «Манас»  ордени  Кыргызстандын эн жогорку ыйгарымы болуп эсептелинет.

2012-жылы Москвада Речной вокзал метросу жакта Дружба паркында Айкөл-Манас аттуу мемориал ачылган. Аны Жоомарт Кадыралиевдин чыгармачылык тобу даярдаган. Жалпы кеткен каражы 60 млн. сом.  

http://elbilge.ucoz.ru/publ/9-1-0-179

http://kyrgyzstan.orexca.com/rus/legends.shtml