Кийим - адамдын денесин тышкы чөйрөнүн ар кандай жагымсыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын жалпы аты. Кийим элдин чарбалык-маданий жашоосуна жана жашаган чөйрөгө ылайыкталган. Кийимге жүн, тери жана кездеме пайдаланылган. Кийимдин жаңы түрлөрү байыркы кийимдерди биротоло сүрүп чыгарбастан, аларды толуктаган.

Кыргыздарда кийимдер эркектики, аялдыкы, балдардыкы болуп жыныс, жаш курактарына карата бөлүнгөн. Кыз-келиндер өңү ачык, түстүү кездемелерден кийинген. Аялдардын кийимдери жаш өзгөчөлүктөрүнө карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер менен көркөмдөлгөн.

Жортуулга кийилүүчү кийимдер айрыкча орунду ээлеген. Тарыхый маалыматтар боюнча кыргыздын төбөлдөрүнүн  кийимдери жалпы элдикинен сапаты, кооздуктары боюнча гана айырмаланып, жалпы белгилери окшош болгон.

Эркектер кийими

Эркекердин  кийими  көйнөк менен шымдан турган.Ал ич кийими катары саналган. Көйнөктүн бир түрү  жегдени эркек балдар 6-7 жаштан баштап  кийген. Ак матадан тигилип, жегденин жеңдери узун жана тизеден ылдый болгон. 20- кылымдан баштап узун жака аттуу көйнөк кеңири тараган. Ич кийим жөнөкой жана бир түрдүү болгону менен, кыргыздардын сырт кийими каадалуу да түрлүү да болгон. Бирок аны бирге менен кыргыз кийиминин көркүн ачкан баш кийимдер. 

Калпак - эркектердин баш кийими. Кыргыз эли калпакты жасоонун ыкмасын жогорку деңгээлге жеткиришкен. Калпак бийиктиги, тигилиши, кооздолушу менен айырмаланган. Калпакка агыш (боз), кызгылт түстөгү кылчык жүн керектелген. Кийизи абдан бышык басылган.  Жөнөкөй    калпак    кийизден     төбөсү     бийик (чокчогой), этеги тегерек  бычылып, оймо-чийме тушүрүлбөй, төбөсүнө чок (чачы) чыгарылбай, ичтелбей (астарланбай), бир гана тигиш менен бириктирилип   жасалган.   Тигиш жагы калпактын маңдайы болгон. 18-кылымдын экинчи жарымына чейин калпактын төбөсү жапызыраак эки талаа болуп бычылган. Талаалардын кошулган жери тыбыттан ийрилген жип, же өрүлгөн кыл менен милтеленип, чети кыл, шоона менен кооздолуп саймаланган, төбөсүнө чок тагылган. Этегин кайрып коюу үчүн калпактын эки жеринен тилик калтырылган. 19-кылымдын экинчи жарымынан калпак мурдагыдан да жапыз бычылып, жээги 7-12 сантиметрдей кездеме менен көбөөлөнүп, төбөсүнө чок чыгарылып, жээктерине жана талааларына сайма түшүрүлүп, ичтелген (астарланган). Калпак жаш өзгөчөлүктөргө жараша тигилген.

Тебетей-кыргыздын бийлиги менен байлыгын аныктаган  баш кийими деп эсептелген.Кулакчыны менен,койдун терисинен тигилген тебетейди «телпек»

деп, аны карапайым адамдар кышкы суукта кийишсе,карапайым 

өз чарбачылыгы менен  чектелген адам  көрпө тебетей кийген.Алыш-бериши,орто малы бар, айылда кадыр-баркы бар  киши түлкү тебетейге ээ болгон.Бир айылдын билерманы,башкалар үчүн тайлык кадыры бар адамдар суусар тебетейге мүмкүнчүлүгү бар эле.Бир чөлкөмгө бийлик жүргүзгөн,башка урууларга таанымал кадыры да бийлиги да бар адамдар кундуз тебетей  кийишкен да, бирок төбөсүн кара менен каптаткан. Кыргыздардын ичинде хандык даражага ээ болгон адамдын баш кийими кызыл менен тышталып, андай тебетей «кызыл чок» деп аталганын кыргыз тарыхы аныктайт.

Аялдардын кийими

Аялдардын кийими адаттагыдай эле ич кийим,сырт кийим,  баш жана бут кийимден турган. Аялдардын  ич кийими жөнөкөй жана кийгенге ыңгайлуу болгону менен, ызгардуу кышта жылуулукту сактап, саратан мезгилинде ысыктан коргоп турган денеге ырас келген матадан тигилген.

Шөкүлө - күйөөгө чыгуучу кыздын үйлөнүү үлпөтүндө кийүүчү баш кийими. Шөкүлө шоңшогой (конус) түрүндө тигилет. Кыргыздарда шөкүлөнүн бир нече түрү кездешет. Анын жердиги абдан жакшы бышырылган ак кийизден тигилип, үстү саймаланып, шуру басылып, чокусуна, капталдарына үкү же тумарчалар тагылган. Шөкүлөнүн экинчи түрү ортосуна жүн салынып шырылып, сырты кызыл же кызыл кочкул манат, нооту баркыттан тигилген. Ар түрдүү өңдөгү матадан же кийизден, ичтелип, кулакчыны кундуз, суусар, түлкү, кулун өңдүү аң жана мал терилери менен кыюуланган.Үчүнчү түрү баркыттан шырылып, төбөсүнө же каптал тарабына тоту куштун, кыргоолдун, каркыранын, үкүнүн канаттары тагылып, төбө алкагы күмүш, маңдайы маржан, бермет, алтын менен аземделип көркөмдөлгөн. Шөкүлөнү  адатта кыз тарап жасаган. Кыз күйөөсүнүн айылына келгенден кийин шөкүлөнү чечип, элечек кийген. Шөкүлө кийинчерээк салт боюнча кыздын ата-энесиникине кайтарылып берилген.