22-нен 23-декабрь күндөрү Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын Кубогу өттү. Бул тууралуу КРнын спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген машыктыруучулары Василий Баканач жанан Владимир Боголеповдун элестерине арналат.
Кубоктун жеңүүчүлөрү КРдин атынан Бишкекте февралда өтө турган Азия чемпионатына катышат.