Бишкекте VIII эл аралык дзюдо боюнча "Хан Манас" турнири өткөрүлүп, кыргыз спортчулары жалпы командалык орундан биринчиликти багындырышты. Бул тууралуу КР дзюдо федерациясы билдирет.
Алардан кийин Казакстан (2-орун) менен Өзбекстан (3-орун) болгон.
Дзюдо боюнча турнирде Армения, Грузия, Индия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан жалпысынан 364 спортчу (285-эркек, 79-аял) катышкан.
Таймаштын биринчи күнү эркектер жана аялдар арасында 7 жуп медаль ойнотулуп, КРдин атынан чыккан Сырга Садыбакасова, Бегай Бейшенаалы кызы, Кубанычбек Айбек уулу жана Баяман Сагынбай уулу биринчи орунду алышкан.
Экинчи күнү 9 жуп медаль ойнотулуп, анда 3 алтын медалды — Эрлан Шеров, Элмира Акишева жана Шахида Нармухамедова утуп алган.