Кыргызстандык спортчулар Астанада өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча дүйнө чемпионатында 7 медаль утту. Бул тууралуу Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Дүйнө чемпионатында жыйырмага жакын өлкөдөн келген спортчулар катышты.
КР тогуз коргоол боюнча федерациясынан кабарлашкандай, Кыргызстандын курама командасынын куржунунда 1 алтын, 3 күмүш, 3 коло байге бар.

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан