Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз улакчылары АКШ командасы менен беттешти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан билдирди.

Эки өлкөнүн таймашы саат 12.00дө башталды. Натыйжада улуттук команда атаандаштарын 11:6 эсебеинде жеңип алды.
«А» тайпасындагы командалардын ичинде Кыргызстан төрт оюнда тең жеңишке жеткен. Ал эми АКШ курамасы оюнду бир дагы жолу ийгилик менен аяктай алган эмес.
21-августта башталган оюндар 27-августта аяктайт. Ал Астананын "Казанат" ат майданында өтүүдө. Ага 11 өлкө катышып жатат. «А» тайпасында Кыргызстан, Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан кирген. Ал эми «В» тайпасында Казакстан, Россия, Венгрия, Кытай жана Афганистан бар.

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан