Спорттун джиу-джитсу түрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатына катышат.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, таймаш Вьетнамдын Ханои шаарында 11-14-августка чейинки аралыкта өтөт.
Команданын курамына 22 жаштан 29 жашка чейинки 5 спортчу кирген.
— Бекаяр Эгембердиев, 1995-ж.
— Бектур Тыныбеков, 1992-ж.;
— Муртазали Муртазалиев, 1988-ж.
— Нуркалый Мирланов, 1993-ж.;
— Эржан Турускельдиев, 1993-ж.
Маалымдалгандай, Азия чемпионатына катышуу үчүн, дирекциянын бюджетинен 313 миң сом бөлүнгөн.

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан