Түркиянын Бурса провинциясында Кыргызстандын жараны көз жумду. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Каза болгон жаран Талас облусунда туулган 27 жаштагы кыз болгон.
«Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу жергиликтүү милиция менен байланышты. Учурда Бурса провинциясынын полициясы КР жаранынын өлүмүнүн себептерин териштирип жатат», — деп жазылат билдирүүдө.
Түрк компаниялары менен каза болгон жарандын сөөгүн мекенине акысыз алып келүү боюнча макулдашылды.

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан