Казакстандан буудай темир жол аркылуу атайын вагондор менен келүүдө. Бирок азыр вагондордун таңкыстыгы байкалууда. Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Кыргызстан Казакстандан акчасы төлөнгөн буудайдын 20-30 пайызын гана алып жатат. Бул тууралуу ун өндүрүүчүлөр комитетинин төрагасы Рустам Жунушев.
Анын айтымында, ата мекендик ун өндүрүүчүлөр унду Кыргызстан менен Казакстандын дандарын аралаштырып, анан чыгарууда. Казакстандан буудай темир жол аркылуу хоппер менен (атайын вагондор) алып келинет. Бирок азыр хопперлер түшүмү мол болгон Россияда иштеп жатат.
«Жыйынтыгында акчасы төлөнгөн дандын 20-30 пайызы гана келип жатат. Казакстандык жеткирүүчүлөр каптарга салып, катардагы вагон менен алып келүүнү сунуштоодо, бирок анын чыгымы көп. Азыр казак тарап анын баасы канчага чейин көтөрүлөрүн эсептеп жатат. Бул өз кезегинде ундун баасына таасир берип, ал 50 тыйындан 1 сомго чейин кымбатташы мүмкүн», — деди Жунушев.
Ал ошондой эле өлкөдө бир жарым айга жеткидей буудайдын запасы бар экенин айтып, эгер таңкыстык байкалса Казакстандык жеткирүүчүлөрдүн талабына көнүүгө туура келерин кошумчалады.

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан