Президент Алмазбек Атамбаев Памирден келген кыргыз Абдыбаит Жээнбековдун Кыргызстанда төрөлгөн Алмазбек деген уулуна арнап алты бөлмөлүү үй алып берди. Үйдүн ачкычын КР президент аппаратынын жетекчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев тапшырганын аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Маалыматка ылайык, үй 1 миллион 180 миң сомго Нарын шаарынан алынган. Андан тышкары, президенттин фондусунан 70 миң сомго үй эмеректери алып берилген. Ал эми Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов ымыркайга 6 миң сомго бешик жана кийим-кече белек кылды.

Абулгазиев эми балдардын мектепке, бала бакчага барып коомчулукка аралашуусуна, мыкты тарбия алуусуна жардам берерин кошумчалады. Андан соң Куланак айылына барып президенттин атынан Памирден көчүрүлүп келген кандаштардын ар бирине 50 миң сомдон тапшырды.
Эскерте кетсек, 11-октябрь күнү Улуу жана Кичи Памирден 33 этникалык кыргыз көчүрүлүп келген. Баары Нарын шаарында карантинден өтүп, учурда Куланак айылына жайгашышты. Памирликтердин арасындагы кош бойлуу Жанбүбү Маматзайым кызы 21-октябрда Бишкекте көз жарып, уулунун атын өлкө башчынын урматына Алмазбек деп атаган.

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан