Жогорку Кенештин депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы мүлкүн конфискациялоо менен бирге беш жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 10-октябрда Ленин райондук соту чыгаргандыгы тууралуу ММКга мамлекеттик айыптоочу Нурлан Тагаев билдирди.
Анын айтымы боюнча, Салянова Кылмыш жаза кодексинин 72-беренесине ылайык айыпталып, өкүм кичүү кызы 14 жашка чыккандан кийин аткарылат.
«Болжол менен 12-13 жылдан кийин жазасын өтөйт»,-деди ал.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 26-декабрында «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган» деген негизде кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча Саляновага кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына тапшырылган. Аида Саляновага юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп турганда, 2010-жылдагы революциядан кийин, издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген айып тагылган.

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан