15-декабрда МГИМОдо кыргыздын дүйнө жүзүнө белгилүү жазуучусу жана дипломаты Чынгыз Айтматовдун келе жаткан мааракесине жана туулган күнүнө арналган кыргызстандык студентеринин аракети менен чыгармачылык кече өткөрүлгөн.
Ал жакта жазуучунун «Кызыл алма» аттуу чыгармасы чагылдырылган кинофильми көрсөтүлгөн.
Иш-чарага институттун деканаты, студенттер, кыргыз диаспорасы жана КР РФгы элчилиги катышкан.
Чыгармачылык кеченин катышуучусу элчинин кенешчиси Бубуйра Абдыжапарова улуу жазуучуну унутпай чыгармачылыгына арнап иш-чара өткөргөн кыргыздын уул-кыздары менен менен сыймыктанганы тууралуу айткан.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Москвага келген студенттерге кайсы чыгармасы эн таанымал деген суроо менен «РДВ» порталы кайрылган сон, «Жамиля», «Эрте келген турналар», «Биринчи мугалим» деген жоопторду топтоду.
Эскерте кетсек, Чынгыз Айтматов 1928-жылдын 12 декабрь куну туулган. 2018-жылы кыргыздын чыгаан жазуучусу 90 жаш мааракеси белгиленет.


Жогорудагы макала Москва шаарынын окмотунун ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан