Орусияда «Елки» аттуу белгилүү киноальманахтын башкы каармандарынын бири — кыргыз гастарбайтери болуп чыкты.

Сюжет боюнча ал Орусиянын шаарларынын биринде жаны жылга карата бираз тыйын-тыпыр таап алайын деген максат менен Аяз-атанын чапанына оронуп бир топ окуяларга туш келет.

Кыргыз Аяз-атанын образын Геннадий Турантаев деген якутиялык актер жараткан.
Тасманын кинопродюсери белгилуу режиссер Тимур Бекмамбетов сегиз киноновелладан турарын жакын арада билдирген. Ал новеллалар Орусиянын сегиз шаарында өтөөрү маалым болгон жана биринчи жолу 2010 чыккан.
«Елки новые» деп аталган фильмдин кезектеги чыгышы адаттагыдай эле Иван Ургант жана Сергей Светлаков сыяктуу белгилүү актерлордун катышуусу менен жарык кордү.


Жогорудагы макала Москва шаарынын окмотунун ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан