Москва шаарында жергиликтуу айдоочу Кыргызстандын жараны Гүлбарчын Дооранованы унаасы менен сүзүп кетип, ал эс-учу жок абалда ооруканада жатат. Окуянын чоо-жайын өзүн жол кырсыгынан жабыркаган кыздын эжесимин деп тааныштырган Чынара Дооранова билдирген.
Анын айтуусуна караганда, 39 жаштагы Гүлбарчын Москва шаарында тамактануучу жайлардын биринде иштеп жүргөн. 27-ноябрда жумуштан чыгып келе жатканда жолдон аны унаа сүзүп кеткен. Кырсыктан анын жамбашы, кабыргалары сынып, ички органдары да катуу жапа чеккен.
"27-ноябрда жумушунан чыгып жөө адамдар өткөн өтмөктөн өтүп бара жатканда аны унаа сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.
Окуя ошол жердеги видеокөзөмөлгө түшүп калган. Видеодо айдоочу сүзүп кеткенден кийин токтоп сиңдимдин кыймылсыз жатканын көрүп, кайра унаасына отуруп кетип калганы көрүнөт. Кийин ал Орусиянын жараны экени белгилүү болду.
Ал табылып, баары видеодо көрүнүп турса деле прокуратурадан ишти карабай жатышат. Окуя болгондон кийин да бизге арыз жазбай эле койгула деп жаздырбай 2-3 күндөн кийин туугандар кеңешип барып, алар менен чатакташып жатып арыз жазып келишти. Арыз жазганы барышканда да биздин туугандардын көзүнчө эле сүзүп кеткен айдоочуга "аракетиңди кыл, тигилер арыз жазышты" деп телефон чалышыптыр", — деди жабырлануучунун эжеси.
Жандандыруу бөлүмүндө жаткан Гүлбарчын Доорановага 2 жолу операция жасалган. Анын абалы оор болгондуктан дагы бир операция жасалышы керек экенин дарыгерлер айтышкан. "Сүзүп кеткен Орус жараны оорукананын чыгымын көтөрмөк тургай бир жолу да сиңдимдин абалын сурап койгон жок. Аны менен сүйлөшөлү десек, тергөөчү жолуктурбай жатат.
Учурда Дооранованын ишин элчилик көзөмөлгө алган.
Бул тууралуу элчиликтин басма-сөз кызматы билдирди.


Жогорудагы макала Москва шаарынын окмотунун ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан