2017-жылдын 27-ноябрынан 1-декабрына чейинки мезгилде Консулдук бөлүм тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
Жалпысынан 213 консулдук кызмат көрсөтүлдү, алардын ичинен:
Төмөндөгүлөр боюнча документтер жасалды:
— КРна кайтууга күбөлүк —76, булардын ичинен 6 жаран чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда (ЦВСИГ) жаткан КРнын жарандары-күбөлүк алып мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышты;
— КРнын жарандыгын тактоочу, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө справка берүү — 49;
— балдарынын КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу-5;
— виза документтери —0.
Төмөндөгүдөй арыздар кабыл алынды:
— паспорт алууга — 42;
— КРнын жарандыгына таандык экендигин аныктоого — 7;
— КРнын жарандыгынан чыгууга — 4;
— документтерин мыйзамдаштыруу —0;
Туруктуу консулдук каттоого коюлгандар — 23;
убактылуу консулдук каттоого тургандар- 2;
документтерди мыйзамдаштыруу — 0;
Нотариалдык иш-аракеттер — 5.
Консулдук тейлөө кызматын алуу боюнча документтерди тариздөө багытында оозеки кеңештер берилди —68.
Укук коргоо ишмердүүлүк боюнча (укуктук кеңештерди берүү):
— кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 15 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынды;
— консулдук бөлүмдүн юристтеринин жеке кабыл алуусунда укуктук маселелер боюнча 89 жаранга оозеки консультация берилди;
— сот, укук коргоо органдарына, өлүкканаларга, тергөө бөлүмдөрүнө чыгуу: Москва шаардык Хамовники сотуна, жана Тверь шаарынын ИИБна, Москва шаарынын Рязвнь райондор аралык тергөө комитетине, Прага раонцнцн ИИБна чыгуулар — 7;
— Жарандардын сөөгүн Жүк "200" КРна алып кетүү боюнча жардам —2.
Жалпы документтердин жүгүртүлүшү жана телефон аркылуу кеңеш берүү:
— КРнын жана РФнын тийиштүү органдарынан жана уюмдарынан келген кириш документтер-91;
— чыгыш документтердин саны — 44;
— жарандардын жеке кайрылуулары, алардын ичинде Элчиликтин интернет-кабыл алуусунда кеңеш алгандар —24 жаран;
— Телефон аркылуу консультация алгандар — 268 жаран.
Жалпысынан 972 жаран кабыл алынды (келгендерди каттоо журналынан алынды).

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан