Москва шаарыныда макулатура таңгактаган станокко кирип кетип каза болгон кыргызстандык Куштарбек Галбаевге ал иштеген компания компенсация төлөп берүүдөн баш тартууда.
Бул тууралуу маркумдун жубайы Айпери Ахмедова билдирди, деп Sputnik Кыргызстан маалымдайт.
Анын айтымында, Куштарбек Галбаев «Эко-Пресс» ишканасында эмгектенип жүргөн. Ал үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында макулатура таңгактаган станокту оңдоп жатып, иштеп кеткен механизмге кыпчылып калган. Кырсыктын кесепетинен Галбаев ошол жерде каза таап, сөөгү мекенине алып келинген. Учурда анын жубайы ишканадан кенемте ала албай убара тартууда.
Айпери Ахмедовага учурда ишкананын ээси Воропаев билдиргендей, соттук экспертиза чыкканча маселе чечилбесин айткан.
Куштарбек Галбаев Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган. Аялы экөө 2016-жылдын июнь айынан бери Москвада иштеп жүрүшкөн. Маркум 28 жашта болчу. Артында үч жана төрт жаштагы эки баласы калды.

 

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан