Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө башчы катары өзүнүн чет жакка болгон сапарын Россиядан баштайт. Бул тууралуу брифинг учурунда президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.
Анын айтымында, эртең, 29-ноябрда, Жээнбеков Россия тараптын чакыруусу менен аталган мамлекетке барат.
«Бул Сооронбай Жээнбековдун президент катары чет мамлекетке жасаган биринчи сапары болот. Бул Россия менен кызматташуу мындан кийин да чыңдала берет дегенди түшүндүрөт», — деди Субакожоева.
Ал ошондой эле Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну жана эл аралык мүнөздөгү маселелерди талкуулашарын айтты.
Андан кийин КР президенти Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен да жолугуп, соода-экономикалык жана эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышат.

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан