Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов Россиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын чакыруусу менен Москва шаарына барып, мекендештер менен жолукту. Жолугуунун алдында Кыргызстандын белгидуу диний кызматкери Орусиянын белгилуу ММКнын журналисттери менен маектешти. Ал жолугушууда Нарматов исламдын бугунку кундө дискредитацияга алынгагы тууралуу сөз козгоду. Андан тышкары учурда Кыргызстанда мечиттерди кыргыз жарандары оздору куруп жаткандыгын айтты. Анын айтымында мечиттин саны өтө деле коп эмес.
«Бир нече жыл мурун биз ушул тууралуу мечиттерди санап корсок Бишкектин борбор көчөлөрундө бир да мечит жок экендигин, ага караганда казинолордон арбын экендигин талкууга алганбыз» — деди аалымдар кеңешинин төрагасы.

Маалыматка ылайык, Москвадагы Собор мечитинде өткөн иш-чара аянты 19 миң чарчы метрди түзгөн борбордук мечитте өтүп, жолугушууга 10 миңге чукул киши келген.

Абдышүкүр ажы ыйман, адеп-ахлак, ата-энеге жакшылык кылуу, үй-бүлөнү сактоонун маанилүүлүгү туурасында баяндамаларды айтып, мекенди сүйүүгө үндөдү.

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан