Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-сентябрда, Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын алкагында Москва шаарында Россия Федерациясынын аймагында жашаган кыргыз диаспораларындагы мекендештер, ишкелрер жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушууда Өкмөт башчы алардын бир катар суроолоруна жооп берип, чет жакта жүргөн мигранттарга жакшы шарттарды түзүүгө багытталган Өкмөттүн миграциялык саясат чөйрөсүндөгү аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди.
Мындан сырткары Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында ыйгарым укуктуу элчисине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашту миграция кызматынын жетекчилигине жолугушуу учурунда айтылган маселелер боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Иш чаранын аягында Сапар Исаков кыргыз жарандарынын укугун жана алардын кызыкчылыгын коргоого кошкон салымы үчүн кыргыз диаспорасындагы өзгөчөлөнгөн мекендештерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардак грамоталарын жана Премьер-министрдин ысымы жазылган сааттарын ыйгарды.
Жогоруда айтылган тизмеге МГЛУ тил кафедрсынын доценти Женишкүль Хулхачиева-Байтерековага жана «Россия сегодня» маалымат агенттигинин кабарчысы Айгүл Ниязалиевага окмоттон кол саат тапшырылган.

 

Жогорудагы макала Москва шаарынын ММК жана жарнак департаментинин колдоосу менен чыккан