КВН боюнча Кыргызстандын "Азия MIX" командасы Москва шаарынын мэринин Кубогу үчүн ат салышат. Бул тууралуу КВНдин расмий сайтында маалымдалды.

КВНдин (Шайырлар жана тапкычтар клубу) туулган күнүнүн урматына боло турчу оюндар 7-8-ноябрда өтөт. Москва шаарынын мэринин Кубогуна Жогорку лиганын финалына өтө албай калган командалар өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Командалар Жогорку лиганын чемпиондугуна чыгууга укук берүүчү кубок үчүн ат салышат. Буга чейин Кыргызстандын командасы Жогорку лиганын финалына өтө албай калган.

Москва мэринин Кубогу биринчи жолу 2012-жылы Сергей Собянин менен Александр Масляковдун сунушу менен өткөрүлгөн.

КВНдин эл аралык күнү — жыл сайын 8-ноябрда белгиленип келет. Бул күнү телепрограммага биринчи жолу эфирге чыккан. Быйыл ага 54 жыл толот.